Алжирде реформачыл күчтөр демонстрацияга чыгышты

Алжирде кечээ реформаларды талап кылган миңдеген киши көчөлөргө чыгышты. Адам укуктарын коргоочулар, кесиптик кошуундар, адвокаттар менен башка топтордун башын бириктирген уюм 19-февралда өлкө боюнча нааразылык иш-чарасын өктөрүүгө үндөдү. Дем алыш күнкү демонстрацияга уюштуруучулардын ырастоосунда, 10 миңдеген киши катышты. Бийлик болсо 1 жарым миңдей киши чогулганын айтууда. Айрым демонстранттар “Бутефлика кетсин!” деген плакаттарды көтөрүп чыгышты. Абделализ Бутефлика өлкөнү 1999-жылдан бери башкарып келатат. Анын атаандаштары шайлоо бурмаланганын айтып, жарышка катышпай коюшкан.

Бул аралыкта АКШнын Мамлекеттик департаменти Алжирдин коопсуздук органдарын күч колдонуудан карманууга үндөп, элдин укуктары сакталууга тийиш деп билдирди.