Ош, Баткен жана Таласта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт

Президент Роза Отунбаева Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо тууралуу жардыкка кол койду. Ага ылайык, Ошто Кара-Кулжа менен Кеңеш айылдык окуругунун, Кара-Сууда Сары-Колот менен Отуз-Адыр айылдык округунун жана Ноокатта Насирдин Исанов менен Көк-Бел айылдык округунун, Баткен облусунда Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык округдарынын, Таластагы Кара-Буура районунда Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык округдарынын кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын апрель айында болот. (EBM)