Йемен: нааразылыкка чыккандар менен полиция кагылышты

Баш калаа Санаада өтүп жаткан бийликке каршы митингде анын катышуучулары менен полициянын кагылышуусу болууда. Митингдин катышуучулары өлкө президенти Али Абдулла Салехтин тезинен бийликтен кетүүсүн талап кылууда.

Маалыматтарда бир нече адамдар жабыркап, ондогон кишилер камакка алынганы айтылууда.

Йемендеги оппозициялык топтор президент Салехтин 2013-жылы мөөнөтү бүткөндө кызматтан кетишине макул экендигин билдиргени менен өлкөдө саясий реформаларды токтоосуз баштоону талап кылган.

Соңку кездеги Тунис менен Египеттеги элдик көтөрүлүштөрдүн толкуну Йемен менен Алжирге жетип, бийликке каршы массалык митингдер башталды.