Ирак өкмөтү Египеттен (Мысырдан) журтуна кайтууну каалаган букараларына акчалай каражат жана учканга бекер билет сунуш кылды. Ирактын миграция министрлигинин өкүлүнүн маалымдашынча, өлкөгө кайтып келген үй-бүлөлөргө 255 доллар берилет. Ал эми Египетте калган бүлөлөр 200 доллар жардам алат.
Египетте 18 күн мурда башталган коогалаңдан улам 11-февралга карай 1700дөн ашуун ирактык Ата мекенине кайтып келген.
Египетте 18 күн мурда башталган коогалаңдан улам 11-февралга карай 1700дөн ашуун ирактык Ата мекенине кайтып келген.