“Хизб-ут-Тахрирдин” мүчөсү деп шектелген төрт адам кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 9-10-февралда диний-экстремисттик маанайдагы “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун төрт мүчөсү камакка алынды. Бишкек жана Токмок шаарларында кармалган бул адамдардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда диний-экстремисттик маанайдагы 314 басылма жана 57 даана диск табылган. Кармалгандарга “конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасаган”, “улуттук жана расалык кастыкты козуткан”, “экстремисттик маанайдагы басылмаларды таркаткан” деген айыптар тагылууда. (KKs)