Дагестанда ваххабисттер менен каршылаштары мушташа кетишти

150 жакын адам катышкан мушташта кеминде бир адам жарадар болгонун “Интерфакс” маалымат агенттигине Түштүк-Сухокумск шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкен. Шаарга ОМОНдун жана милициянын күчтөрү жайгаштырылганы айтылды.