Түштүк жана Түндүк Кореянын аскерий сүйлөшүүлөрү оңунан чыккан жок

Сеулдагы расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, эки корей өлкөсүнүн ортосундагы чыңалууну жумшартууну максат кылган сүйлөшүүлөр Түндүк Кореянын аскер адамдары жыйынды капыстан таштап кеткенден кийин ойрон болду. Чек арадагы кыштакта өткөн бул жыйын Түндүк Корея Түштүк Кореянын калк жашаган аралын ракетадан аткылап, төрт адамды мерт кылгандан кийинки алгачкы сүйлөшүү эле.

Мунун алдында Түштүк Корея Түндүк Кореянын гуманитардык маселелер, согуштан ажыраган үй-бүлөлөрдү бириктирүү, туризм жана өнөр-жай багытындагы биргелешкен долбоорлор боюнча сүйлөшүү өткөрүү сунушун принцибинде кабыл алганын билдирген.

Түштүк Кореянын Биригүү министрлиги Кызыл Чырым уюму арачылык кылуучу бул сүйлөшүүнүн орду жана убактысы аскерий өкүлдөрдүн баштапкы сүйлөшүүлөрү аяктагандан кийин белгиленерин айткан.