Египетте эл кайра козголду

Египетте президентке каршы нааразылык акциялар 8-февралда кайра уланып, борбор Каирдин Тахрир аянтына миңдеген демонстранттар кайтып келди.

Каирдин Тахрир аянтына 8-февралда миңдеген демонстранттардын кайтып келиши менен Египеттеги нааразылык акциялар үчүнчү аптага аяк басты.

8-февралда кайра жандаган нааразылык акциясы Каирде жана Египеттин башка шаарларындагы демонстранттардын Хосни Мубарактын режимине кысым көрсөтүү жөндөмү канчалык экенин көргөзгөн окуя болду окшойт. Алар эми 11-февралда дагы бир ири демонстрация өткөрүүгө чакырык ташташты.

Элдин нааразылыгынан кийин Египет бийлиги эми өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүлөрүн билдирип жатат.

.