Жакынкы жылдары тамак-аш азыктарына баа 5-35% чейин кымбаттоосу мүмкүн экенин айыл чарба министри Төрөгул Беков бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бир катар ведомстволор биргеликте дүйнөдөгү баалардын өсүү темпин иликтеп, ушундай божомолдорун айтышкан. Иликтөө көрсөткөндөй, айрым өнүккөн өлкөлөрдө жашоо-турмуштун жакшырышы, тамак-ашка суроо-талаптын жогорулоосу баалардын өсүүсүнө түрткү болгон.
Бааларды туруктуу кармоо боюнча кыргыз өкмөтү да бир нече жыйын өткөргөн. Монополияга каршы мамлекеттик агенттик болсо жашоого керектүү делген ондон ашуун азык-түлүктүн тизмесин өкмөткө киргизип, аларды көзөмөлгө алууга уруксат сураган болчу. Азырынча баалар төмөндөй элек. (КЕ)