Египет оппозициясы өкмөттүн сунушун "жетишсиз" деди

Египет (Мысыр) оппозициясы өлкөдөгү саясый кризисти токтотуу боюнча өкмөттүн сунушун жетишсиз деп эсептейт. Жекшемби күнү (6-февралда) бийлик жана оппозициялык топтор арасында өткөн сүйлөшүүдө өкмөт конституцияны реформалоону сунуш кылган. Сунушту “Мусулман Агайындар” кыймылы “жакшы жөрөлгө" деп белгилеп, бирок “олуттуу өзгөрүүлөр камтылбай калганын” билдирди.
АКШ президенти Барак Обама “Fox News” телеканалына 6-февралда берген интервьюда: “Египет мурдакы абалына кайра кайтпайт. Египет эли эркиндикти каалайт, эркин жана калыс шайлоону каалайт, алар эл шайлаган өкмөттү каалайт, алар жоопкерчиликтүү өкмөттү каалайт”, - деди.
АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтондун сөзүнчө, Мубаракты кызматтан кетирүү Египет элинин эркиндеги иш, бирок аны эрте кетирүү шайлоону татаалдатышы ыктымал.

Египет өкмөтүнүн кризисти жөндөө аракеттерине карабай Каирдин ортолугундагы Тахрир аянтында Мубарактын президенттиктен кетүүсүн чакырган адамдар калууда.