ИИМ курал сактоо жобосун бузгандарга жазаны күчөтүүнү сунуштады

Бугүн Жогорку Кеңештин профилдик комитети “Кылмыш жаза кодекси”, “Кылмыш-процессуалдык кодекс” жана “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске” өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү маселесин талкуулады. Анда сүйлөгөн ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов ок атуучу куралдарды ташуу, колдонуу, коргоо жана каттоонун жоболорун бузгандарга жаза түрүн күчөтүүнү сунуштады.

Ж.Жакыпов мындай жобону бузган кызматкерге 300 сом, экинчи жолкусунда 300-500 сом айып пул төлөшөөрүн, бул өтө эле жеңил жаза экенин белгиледи. Мындан сырткары ошол куралдарды сактаган кампа жетекчилерин да жоопко тартуу зарылдыгы белгиленди. Талкуулардан соң депутаттар "Кылмыш жаза кодексине" өзгөртүү киргизүү долбоорун жактырды. Эми бул долбоор парламент отурумуна чыгарылат. (КЕ)