Ооган президенти Х.Карзай Индияда иш сапарда

2-февралда Индияга рамсий иш сапар менен келген Хамид Карзай бүгүн премьер-министр Манмохан Сингх менен жолугат. Президент Карзай буга чейин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жыйынга катышып, Ооганстанда согуштун кесептинен экологиялык булгануу көп болуп жатканын айтты.

Өткөн аптада Карзай НАТО күчтөрүн козголоңчул талиптерге сокку урууда өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабында 4 миңден ашык бак-даракты жок кылды деп айыптаган.