Каирде абал ого бетер курчуду

Элдик толкундоолор мындан 10 күндөй мурун башталган. БУУнун болжолунда ошондон бери 300гө жакын киши каза тапты.

Мубарак сентябрдагы президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялаганы менен, оппозиция анын бийликтен дароо кетишин талап кылууда.

Мубаракты колдогондор атчан, төөчөн аянтка кирип, нааразылыкка чыккандар менен кагылышты.

Мубарактын бийликтен кетишин талап кылган демонстранттар менен президенттин тарапкерлери бири-бирине таш, жыгач союлдарды, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып жатышты.

Мубаракка каршы чыккандар аларга чабуул койгондор жөнөкөй кийим кийген полиция кызматкерлери болчу деп ырасташууда. Ички иштер министрлиги мындай дооматты чекте какты.

Мубарактын ондогон колдоочулары Тахрир аянтына атчан, төөчөн желдирип кирип, колдорун кармашкан нааразылык акциянын катышуучуларын камчылап киришкен. Каршы тургандар болсо атчандарды аттан оодара тартып түшүрүп, таяктап жатышты.

Каирдин Тахрир аянтындагы нааразылык акциясынын катышуучулары Мубарактын президенттиктен сентябрга чейин кетпейм деген сөзүнө кыжырланып, ал кетмейинче турарын айтышууда.