Сасык тумоо күч алууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалымат боюнча жыл башынан тартып сасык тумоо жуктуруп, кайрылгандардын саны 5 миңге жетти. Бул акыркы эки жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болууда. Маалыматта айтылгандай сасык тумоонун жайылышы Бишкек шаарында күчөөдө, борбор калаада акыркы үч жуманын ар биринде жугуштуу илдетке кабылган 2 миңден ашуун киши катталган.(ZKo)