Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму Бишкекте Кыргызстандын ар аймагынан келген 20дай укук коргоочуга адам укугу бузулган учурлардын бетин ачуу жана мындай көрүнүштөргө мониторинг жүргүзүү ыкмалары боюнча окутуп жатат. 1-февралда башталган иш-чара үч күнгө соузулат. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкек кеңсеси кабарлады. (EBM)