Падыша Абдулла өкмөттү алмаштырды

Иордания падышасы Абдулла өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү талап кылган өткөн аптадагы нааразылык акцияларына байланыштуу өкмөттү отставкага кетирди. Падыша сарайынын билдиришинче, премьер-министрликке падышанын аскерий иштер боюнча мурдагы кеңешчиси Маруф Бахит дайындалды. Бахитке жаңы өкмөттү түзүп, “чыныгы саясый реформа жүргүзүү” тапшырылды.