Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан түштүгүндө жарашуу жараяны боюнча долбоорлор үчүн дагы 7 миллион доллар берүүнү ниет кылат. Бул тууралу “Азаттыкка” Кыргызстан тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Былтыр жайда БУУ мындай максатка 3 миллион доллар бөлгөн эле.
Аталган уюмдун Борбор Азия үчүн алдын алуу дипломатиясынын региондук борборунун жетекчиси Мирослав Енча Кыргызстан өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев жана өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен 1-февралда кездешкен кезде түштүктө улут аралык кырдаалды жөнгө салууга бөтөнчө кылдат мамиле жасоо керектигин белгиледи.