Азиада: Кыргыз хоккейчилери 13-3 эсебинде монголдорду жеңди

Астанада өтүп жаткан 7-Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей командасы ушуну менен үчүнчү ирет ийгилик жаратты. 28-январда Тайланддын оюнчуларын 15:4 эсебинде, ал эми 29-январда Бириккен Араб Эмиратынын хоккейчилерин 14:0 эсеби менен утуп алышкан. Бүгүн кыргыз хоккей курамасы муз үстүндө Малазия оюнчулары менен беттешет. 2-февралда Бахрейин, 4-февралда Кувейттин хоккей чеберлери менен беттешээри күтүлүүдө.

Мелдештер Астанадагы Балбан Чолок (Шолак) спорт сарайында өтүүдө. Континенттик мелдештерге барган Кыргызстандан 52 спортчусу спорттун беш түрү боюнча таймашка түшүүдө. (ES)