Европа Биримдиги Беларус бийлигине жаңы санкцияларды киргизди

Еврошаркет Беларустун жетекчилигине каршы жаңы санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алды. Президент Александр Лукашенка баш болгон 157 кишиге шаркеттин өлкөлөрүнө виза берүүгө тыую салынып, алардын банк эсептери тоңдурулмакчы. Кара тизмеде аткаминерлер менен катар бир нече өкмөтчүл журналисттер бар.

Шаркеттин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон Брюсселде тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан киийн буларды айтты:

- Беларустагы абал жакшырат деп үмүттөнгөн элек, бирок эч кандай өзгөрүү байкаган жокпуз. Шайлоонун бурмаланышы жана андан кийинки зомбулук үчүн жооптуу расмий адамдарга каршы санкция колдонуудан башка аргабыз калган жок. Тизмеге президент Лукашенка менен бирге 160тай ысым камтылган.

Минск Евробиримдикке каршы ушундай эле чара көрүлөт деп жооп кайтарды.