Ош менен Жалал-Абадда жаштар борборлору ачылат

Ош менен Жалал-Абад облустарында жаңжалдардын алдын алуу, улуттар аралык чыңалууну болтурбоо жана жаштар арасында мамилени жакшыртуу максатында окутуу борборлору ачылат. Бул тууралу маалымдаган Жаштар министрлиги жаңы борбордо орто-кесиптик жана бизнес боюнча курстар ачыларын кошумчалады. Жаштар долбоорун Бириккен Улуттар Уюму каржылап жатат. (EBM)