Мысырда толкундоолор уланууда

28-январда Египеттин борбору Каирдин көчөлөрүндө миңдеген демонстранттар полиция менен кагылышты.

Каирдеги демонстранттарды полиция желим ок жана суу замбирек менен каршы алганы кабардалууда. Азырынча кагылышуудан жабыр тарткандар тууралуу тагыраак маалымат айтыла элек.


Телефонду байланыштыруучу оператор кардарларга азырынча уюкфон менен байланышууга мүмкүндүк жоктугун айтып, кийинчерээк аракет кылууга үндөп жатты.
Өлкөдөгү оппозициячыл саясий уюмдардын ириси – “Мусулман Агайындар” (ал-Ихван ал-муслимун фи-л-мыср) кыймылы, жума күнү эртең менен билдирүү таркатып, өз лидерлеринин ичинен жок дегенде бешөө жана мурдагы депутаттардын бешөө камакка алынганын маалымдаган.
27-январда өлкөдөгү белгилүү демократиячыл саясатчы, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Мухаммад эл-Барадейи Вена шаарынан Каирге келип, демонстранттардын саясий талаптарына колдоо көрсөттү.