Тажикстан чет өлкөлүктөр менен үйлөнүүгө чектөө киргизди

Үй - бүлө кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык тажик кызы менен баш кошкусу келген чет элдик жигит болочок жубайын турак -жай менен камсыздоосу керек. Мындан сырткары үйлөнүүгө уруксат алганга чейин ал адамдын өлкөдө кеминде бир жыл жашоосу талап кылынат.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, тиешелүү мыйзамга мындай өзгөртүүлөр чет элдиктер менен баш кошкон соң ажырашып кеткен кыз –келиндерден түшкөн арыз-даттануулар көбөйгөнүнө байланыштуу киргизилди. Тажикстандык кыз-келиндер көбүнесе Ооганстандын, Ирандын жарандары менен үй-бүлө курушат.

Адам укугун коргоочулардын пикиринде, жогорудагыдай чектөөлөр үй-бүлө институтуна терс таасирин да тийгизүүсү мүмкүн. Анткени Тажикстанда аялдар сан жагынан эркектерден үстөмдүк кылат. Бул бир чети 90-жылдардагы жарандык согушка, экинчи чети учурдагы эмгек миграциясына байланыштуу.