Германия Нефертитини Египетке кайтарбайт

Германиядагы маданий мурастар фонду Нефертитинин айкелин Египетке кайтаруудан баш тартты. 3 миң 400 жылдай илгери жасалган айкелди көрүү үчүн Берлиндеги музейге жылына 1 миллиондон ашуун адам келет. Египеттин байыркы маданият боюнча Жогорку кеңеши Германияга кайрылып, каныша Нефертитини кайтарып берүүнү өтүнгөн.