HRW: улуттук өкмөттөр адам укуктарынын активисттерин коргобойт

Human Rights Watch уюму Борбор Азиянын улуттук өкмөттөрүн адам укуктарынын активисттерин коркутуп-үркүткөндөргө жумшак мамиле жасоодо деп сындады. Уюмдун жылдык баяндамасында бир катар өкмөттөр адам укуктары жаатында репрессивдүү аракеттерге кысым көрсөтүүнүн ордуна “диалог” же “кызматташуу” өңдүү жумшак жолду тандашат деп сындайт.

Баяндаманын авторлору Кыргызстан эгемендүүлүк ээ болгондон бери 2010-жылы эң ири тополоңдор болуп, зордукчул аракеттер өкүм сүргөнүн белгилешет.

Ошондой эле Евробиримдик Өзбекстан менен Түркмөнстандагы адам укуктарынын одоно бузулушун көрүп туруп, бул өкмөттөр менен «жумшак мамилесин» улантып жатат деп сындайт.