Кара-Суудагы мечиттин имамы Рашод Камалов кармалды

Түштүк Кыргызстандагы Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарындагы борбордук ас-Сарахси жамы мечитинин имамы Рашод кары Камалов өзбекстандык эки жарандын арызы боюнча Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнүн басмасөз кызматынын өкүлү «Азаттыкка» билдирди.

«2009-жылдын 15-ноябрында эки өзбек жаранына Сауд Аравиясына виза ачып берем деп бир кыргызстандык атуул алардан 6300 доллар алдап алган. Бул факт боюнча Бишкек шаардык ИИБнүн тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси «көз бойомочулук» боюнча иш ачкан. Атайын оперативдүү издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү делген адам кармалды. Ал Ош облусунун Кара-Суу шаарынын тургуну Рашод Камалов болуп чыкты», деп айтылат Бишкек шаардык милициясынын маалыматында.

2011-жылдын 18-январында Бишкек шаарынын Свердлов райондук милиция кызматкерлери диниятчы Р.Камаловду «Манас» эл аралык аба майданында кармаган. 19-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Р.Камаловду камакта кармоого чечим чыгарып, учурда ага каршы коюлган доо боюнча тергеп-тескөө иштери жүрүүдө.

Ушул саатка карата Камаловдун коргоочусу же башка өкүлү менен байланышууга мүмкүн болбоду. Бейшемби күнү анын иниси "Азаттыкка" агасынын кыска сурактан соң кайра койо берилгендиги тууралуу айткан. (GA)