"Аэробус" кайрадан "Боингден" көп учак сатты

Европанын “Аэробус” компаниясы 2010-жылы америкалык атаандашы “Боингге” караганда көп учак сатты. “Аэробус” ошентип үчүнчү жыл катары менен “Боингден” көп учак сатты. Же 2010-жылы “Аэробус” 644 учак, ал эми “Боинг” 626 учак саткан жана декабрда эле 200 учакка заказ алган.