Электр кубатынын баасы 1-февралда аныкталат

Энергетика министри Аскарбек Шадиевдин депутаттарга билдиргени боюнча азырынча электр энергиясынын баасын арзандатуу же кымбаттатуу тууралуу кеп боло элек. Бирок министр бүгүнкү күнү электр энергиясын жылуулук иретинде пайдаланып жаткандар акыны кымбат төлөөгө тийиш деп эсептейт. Электр энергиясынын уурдалышы өткөн жылы 26% жеткенин белгилеген министр быйылкы жылы жоготууларды 18% чейин түшүрүүгө аракеттенип жатканын кошумчалады.

Мурдагы бийлик электр энергиясынын баасын 2010-жылдын 1-январынан тартып 1 кВт. саатын 1 сом 50 тыйынга чыгарган. Апрель окуясынан кийин убактылуу өкмөт электр энергиясынын баасын мурунку калыбына келтирген.

"Республика" партиясы парламенттик шайлоо өнөктүгү убагында шайлоочуларга электр энергиясынын баасын өздүк баасына түшүрөрүн убада кылган эле. "Электр станциялары" ишканасынын маалыматы боюнча бүгүнкү күнү ГЭСтен иштелип чыккан электр энергиясынын баасы 1 кВт сааты 8 тыйынга барабар.(ZKo)