Италияда мыйзамсыз адам ташыган кишилер кармалды

Римде жүздөгөн оогандарды Европага ташыган деп шектелген кылмыштуу топтун 26 мүчөсү кармалды. Дагы эки адам Германияда жана Францияда кармалды. Прокурор Пьеро Савиоттинин маалымдашынча, кармалгандардын айрымдары “эл аралык терроризмге катыштыгы бар” деген күмөн бар. Тергөөчүлөрдүн айтышынча, оогандар, пакистандыктар жана күрттөрдөн куралган кылмыштуу топ Италияга жана башка Европа өлкөлөрүнө ай сайын 200дөй ооганды алып келип турган. Европолиция азыр топтун дагы 19 мүчөсүн издеп жатат.