Самюэл Это'О - Африканын эң мыкты футболчусу

Камерундун улуттук жана миландык "Интера" командаларынын чабуулчусу Самюэл Это'О 2010-жылдагы Африкадагы эң мыкты футболчу деп наамга татыды.

Өткөн жумада 29 жаштагы камерундук оюнчу гол киргизүү боюнча дүйнөлүк көрсөткүчтү орнотуп, эл аралык жети беттешүүдө атаандашынын дарбазасына топ киргизген.