Бул тууралуу өлкөнүн Синай провинциясынын губернатору Мохаммед Шоша билдиргенин Франс Пресс агенттиги кабарлады. Губернатордун сөзүнө караганда, эми курорттун ар бир пляжында туристтерге жардам көргөзүү үчүн катерлер, суучулдар турат. Шарм –эль-Шейхтин жээги 5- декабрда бир жума ичи эле аккулалар туристтерге беш жолу кол салгандан кийин жабылган. Аккулалардын кол салуусунан бир турист каза таап, төртөөсү жаракат алган болчу.