Кытайдын ортолугундагы Хэнан провинциясында көмүр кенинде болгон жардыруу 26 жумушчунун өмүрүн алды. 20 жумушчу куткарылганы ырасмий маалымдалды. Кытайдын кендери өндүрүштүк шарты боюнча дүйнөдө эң кооптуу саналат. 2009-жылы Кытайдын кендеринде кырсыктан 2600дөн ашуун адам курман болгон.