Европа кардын туткунунда калды

Европанын көпчүлүк шаарларына калың кар жаап, кычырыган суук түштү. 20 градуска жеткен сууктан 15 киши, алардын ичинен сегиз адам Польшада каза тапканы маалымдалды. Лапылдап жааган кардан улам Британия, Швейцария, Чехия жана Германияда аэропорттор жабылды. Италияда нөшөрлөгөн жаандан Помпейдин байыркы эки дубалы кулап калды. Ал эми Венецияны суу каптоодо. Катуу жаандан улам Германиянын түндүгүндө чукул кырдаал абалы жарыяланды.