УЕФА "Реалдын" устаты Моуриньону жазалады

Европа футбол ассоциациясы Мадриддин “Реал” футболдук клубунун башкы устаты Жозу Моуриньону эки оюндан четтетти. Эми Моуриньо чемпиондар лигасынын келерки эки беттешүүсү маалында футбол майданынын четинде оюнчулар менен чогуу отурбайт. УЕФА мындай чечимди португалиялык машыктыруучунун Нидерландиянын “Аякс” командасы менен болгон беттешүүсү маалында Серхио Рамоско жана Хави Алонсого экинчи сары карточка алгыла деп дарбазачы аркылуу тапшырма бергени үчүн чыгарды. Алонсо менен Рамос оюнду атайылап созгону үчүн арбитрдан экинчи эскертүү же сары кагаз алгандан кийин, беттешүүдөн четтетилишкен болчу. Алар эми “Реал” үчүн көп маанисиз келерки оюнду койо беришет. Бирок андан кийинки маанилүү беттешүүлөргө мурда топтогон жаза упайы жок таза келишет.