Апрель окуясы боюнча сот уланып жатат

Түшкө жуук он беш мүнөттүк тыныгуудан кийин соттук териштирүү кайра уланды. Буга чейин айыпталуучулар өздөрүн сотко тааныштырып бүтүштү. Сотко катышып жаткан кабарчыбыздын айтымында, процесс негизинен тынч өтүп жатат. Сот жараяны учурунда айрым айыпталуучулардын буга чейин өздөрүнө тагылган кылмыш иштери менен таанышпаганы белгилүү болду. Жактоочулар бул маселени териштирүүнү соттон өтүнүштү, ал эми мамлекеттик айыптоочулар айыпталуучуларга кылмыш иши тергөө учурунда таанышылганын айтып, жактоочулардын дооматтарын четке кагышты.

7-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында куралсыз элге ок аткан жана ок атууга буйрук берген деген негиз менен 28 кишиге айып тагылган. Алардын ичинен мурдагы президент К. Бакиев, премьер-министр Д. Үсөнов, улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси М. Суталинов жана мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Ж. Бакиевге издөө жарыяланып, сыртынан соттолууда. 7-апрель окуясы боюнча сотту Бишкек гарнизондук аскер соту жүргүзүп жатат. Ага судья Жакыпбек Бектемиров төрагалык кылууда. (ZKo)