Нарында 15 жылдан бери биринчи жолу коңтормо айдалды

Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын районунун акими Тазабек Мамыров билдирди. Учурда 200 гектарга чукул коңтормо айдалды. Т. Мамыровдун айтымында, нымды топтоо, жазында эскирген техникаларды үнөмдүү пайдалануу жана быйылкыдай эрте жааган карга даярдык көрүү үчүн ушундай иш-чаралар көрүлүүдө. Быйыл эгиндин түшүмү Нарын районунда 17 центнерден айланды. “Сентябрда кар жаап, эгиндер кар алдында калбаганда 22-23 центнерден болмок”,-деди Т. Мамыров.

Сентябрдын орто ченинде кар жаап Ат-Башы, Нарын районунун бир топ айдоо аянттары кар алдында калган. (JI)