Жогорку Кеңеш алгачкы отурумга түштөн кийин чогулат

Парламентте депуттарга төш белги жана күбөлүк тапшыруу аземи аяктады. Депутаттардын аксакалы, “Ата Мекен” партиясынан депутат Ташболот Балтабаев Жогорку Кеңештин алгачкы отуруму бүгүн түшкү саат 2де башталарын маалымдады. Ага президент Роза Отунбаева катышат. Мурда маалымдагандай, мандат тапшыруу аземине “Ата-Журт” партиясынан 4-5 гана депутат келди. (EBM)