ЕККУ жасалма документтерди аныктоо боюнча адистерди окутат

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкек кеңсеси Кыргызстандын чек арачыларын, Коопсуздук жана Бажы кызматтарынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүн жасалма документтерди ашкерелөө боюнча окута баштады. Он күндүк тренингде катышуучулар Интерполдун маалыматтары менен иштегенди да үйрөнүшөт. ЕККУнын Бишкек кеңсесинин жетекчи орун басары Лилиан Дарийдин айтымында, жасалма документтер маселеси Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда бар. Бул өз кезегинде эл аралык терроризм, адам сатуу сыяктуу проблемалардын көбөйүшүн шарттайт. Бул окуу курстун алкагында Бишкек жана Ош аэропортторуна жасалма документтерди аныктоо боюнча жабдуулар да берилет. (EBM)