Ирактагы жардыруулардан 60 ашуун адам набыт болду

Дагы 200 киши жаракат алды. Кечээ Багдаттагы негизинен шийилер жашаган райондо 10 ашуун кафе-ресторандарда, базарларда дүрмөттөр жарылып кеткен. Аны ким жасаганы азырынча белгисиз. Айрымдар муну “Ал-Каида” террор уюму менен байланышкан радикал топтон көрүп жатышат.