Бүгүн Бишкекте “Ынтымак” аттуу аңчылык фестивалы болот

Фестивалдын алкагында кыргыздын улуттук аңчылык өнөрлөрү – куш салуу, тайган агытуу жана мергенчилик боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Бишкектеги “Аккула” ат майданында боло турган бул мелдештерге Кыргызстандын аймактарынан, коңшулаш Казакстандан аңчылар катышмакчы. Иш-чарынын уюштуруучулары “Азаттыкка” билдиришкендей, фестивалда көчмөндөрдүн улуттук ат оюндары: кыз куумай, жорго салыш жана кыргыз күрөш боюнча да күч сынашуу болот. “Ынтымак” аңчылык майрамы Бишкек шаардык мэриясынын жана “Санат Кумай” федерациясынын көмөгү менен уюштурулууда. (KKs)