Бул тууралуу 28-октябрда өкмөттүн жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, өлкөдөгү апрель жана июнь окуялары экономиканын өнүгүшүнө оор кедергисин тийгизди. Биринчи кезекте тополоңдо турак-жайлар, ишканалар жабыркады. Ишкерлик, айыл чараба азыктарын өндүрүү, товар жүгүртүү иштери үзгүлтүккө учурады. Кырдаал коңшу мамлекеттер Казакстан жана Өзбекстандын Кыргызстан менен чек арасын жаап салышы менен ого бетер курчуган. (EBM)