Кыргызстандын чек арасына чукул тажик айылында ок атылды

Тажикстандын атайын күчтөрү Кыргызстан менен чектеш Исфара районунда куралдуу топту жок кылуу операциясын өткөрүүдө. “Азаттыктын” тажик кызматы билдиргендей, Исфара районундагы Чоркух айылында бир шектүү үйдү аскерлер курчап алган. Ал жерде бир киши колго түшүрүлдү, куралчан каршылык көрсөткөндөр арасында кыргызстандык да бир-эки адам бар болушу мүмкүн деген маалыматты тажик кызматына айыл өкмөт башчысы кабарлаган. Биздин Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаров бул окуядан улам Кыргызстан да коопсуздук чараларын, чек ара көзөмөлүн күчөткөнүн билдирди. Куралчан топтун мүчөлөрү Кыргызстандын аймагына качып келишинин алдын алуу үчүн чек арачыларга облустук ички иштер башкармалыгынын атайын тобу да жардамга жөнөтүлдү.