Каттоого тургузуу системасын алып салуу демилгеси көтөрүлүүдө

Жарандарды милдеттүү түрдө каттоого тугузуу системасын алып салуу демилгеси көтөрүлүүдө. Мындай демилгени бул жолу Борбор Азиядагы эркин рынок институту көтөрүп, коомчулуктун талкуусуна чыгарууда.

Аталган институттун билдирүүсүнө караганда, жарандарды каттоого тургузуу системасы эбак эле эскирип, бул нерсе бир катар посткоммунисттик жана коммунисттик өлкөлөрдө гана калган. Ал эми Англия, Германия, Франция, Италия, АКШ, Бразилия сыяктуу мамлекеттерде дегеле жарандарды каттоо институту жок. Грузия, Эстония, Латвия сыяктуу мамлекеттер жарандардын өлкө ичинде эркин жылып жүрүүсүнүн экономикалык жана моралдык артыкчылыктарын түшүнүп, мурда эле каттоо системасын алып салышкан. Ал гана эмес учурда авторитардык деп эсептелген Орусия, Кытай мамлекеттери да каттоону алып салуу маселесин караштырышууда. Институттун адистери билдиргендей, жарандарды милдеттүү каттоого тургузуунун зыяны көп болууда.

Буга чейин каттоого тургузуу системасын алып салуу керектигин экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев көтөрүп чыккан болчу. (IJz)