Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 159-орунда

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун 2010-жылга карата жарыялаган акыркы маалыматы боюнча Кыргызстан Ооганстан, Тажикстан, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдөн артта, ал эми Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу коңшуларынан алдыда турат. Муну менен Кыргызстан сөз эркиндиги өтө чектелген өлкөлөрдүн катарына кирген. Уюмдун докладында айтылгандай Кыргызстандын өткөн жылкыдан 34 орунга ылдыйлашына өлкөдөгү саясий кырдаалдын курчушу себеп болгон. Айрым жергиликтүү талдоочулардын пикири боюнча Кыргызстанда сөз эркиндиги апрель окуясынан кийин бир топ жанданган.

Сөз эркиндиги өнүккөн өлкөлөрдүн катарына Финляндия, Исландия, Нидерланды, Норвегия, Швеция жана Швейцария киргизилген. Орусия 140-орунда, Украина 131, Тажикстан 115-орунда турат. (ZKo)