Москва менен Лондон мамилелерин жакшыртат

Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Бүгүн ал Москвага келген Британиянын тышкы иштер министри Уилям Хейг менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Хейг ошондой эле орус президенти Дмитрий Медведев менен да жолугушту. 2006-жылы Лондондо орустардын атайын органдарынын мурдагы кызматкери Александр Литвиненко ууланып өлгөн соң жана бул ишке тиешеси бар делинген Андрей Луговойду Москва британ өкмөтүнө кармап берүүдөн баш тарткандан кийин эки тараптын мамилелери кыйчалыштап кеткен эле. Хейг быйыл майда британ тышкы иштер министри болуп дайындалган. Москвага ал биринчи сапар менен келди.