Кара-Сууда Абдусатар Шаятовдун үйү тинтүүгө алынды

Оштогу Кара-Суу районунун акиминин мурунку орун басары Абдусатар Шаятовдун үйү бүгүн түштө тинтүүгө алынганын “Азаттыкка” Уюшкан кылмыштуулукка каршы аймак аралык башкармалыктын кызматкери Таалай Калилов билдирди. Анын айтымында, тинтүү июнь айындагы окуяларды тергеп-иликтөөгө байланыштуу жүргүзүлдү. Иликтөө учурунда бир катар күбөлөр, жабырлануучулар А. Шаятовдун тополоңго тиешеси бар экенин билдиришкен. Тинтүү жүрүп жаткан маалда А. Шаятовдун 200гө жакын коңшу-колоңу чогулду, тартип коргоо органдары иш-аракеттери тууралуу түшүндүрүп айтып бергенден кийин тарап кетишти, дейт Т. Калилов.
Июнь тополоңунда Нариман айылына сүйлөшүүгө барган Кара-Суу районунун милиция башчысы Адылбек Султанов мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. А. Султановдун туугандары бул кылмыш ишине А. Шаятовдун да тиешеси бар экенин айтып, сот жообуна тартууну талап кылышкан. Качып кеткен А. Шаятовго издөө жарыяланган. (SA, EBM)