«Ар-намыс»: Мыйзам бузууларды тасмага тартып алдык

Партиянын штабынан маалымдашкандай, алар Бишкек шаарындагы төрт шайлоо түйүнүндө жол берилген мыйзам бузууларды тасмага түшүрүп алышкан. "Алардын ичинде добуш берүүчү жайга шайлоочуларды массалык түрдө ташуу фактысы бар, бир учурда 200 киши алып келинди. Биз бардык видеоматериалдарды БШКга беребиз", - деп маалымдайт партиянын штабы. Ошондой эле шайлоо түйүндөрүндө улгайган адамдарга кайсы партияны шайлоо керектигин үйрөтүп, багыт берүү аракеттери да катталган.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү учурунда одоно мыйзам бузуулар болгону тууралуу даттануулар болбогонун билдирүүдө.
Буга чейин «Республика» партиясы Бишкектеги №7 орто мектепте эки шайлоо участогу жайгашканын, андагы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү баары ошол мектептин директору, анын жубайы, директор орун басарлары жана мугалимдери экенин маалымдаган. Ошондой эле партия бул шайлоо участогу тууралуу БШКга атайын кат жолдогонун билдирген.(ZKo)