Шарк айылынынын тургундары шайлоого активдүү катышууда

Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы №5232 шайлоо жайында 30га жакын тургун үйүнөн добуш берди. Буга алардын саламаттыгынын начардыгы себеп болду. Участок комиссия башчысы Нижибуллахан Мирзахамиддин маалыматына ылайык, бул жайда 2108 шайлоочу болсо, ушул тапта алардын 30 пайызы добуш берди. Нижибуллахан Мирзахамид азырынча эч кандай мыйзам бузуулар катталбаганын "Азаттыкка" курган маегинде айтты. Шайлоо жайындагы коопсуздукту эки милиция жана бир нече элдик кошуундун мүчөлөрү көзөмөлдөп турушат.

Жергиликтүү тургундардын 95 пайыздан ашуунун өзбек тектүүлөр түзгөн Шарк айылында июнь коогалаңында бир нече үй өрттөлүп, талкаланган болчу. (ErN)