Р.Отунбаева парламенттик шайлоонун маанисин белгиледи

Президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо алдында Кыргызстан калкына кайрылуу жолдоп, бүгүнкү шайлоо мамлекет жана жалпы элдин келечеги үчүн тагдыр чечүүчү мааниге ээ экенин белгиледи.

Биз жөнөкөй эле парламентти шайлап жаткан жокпуз, биз мамлекеттик башкаруунун жаңы системасы катары - парламенттик республиканы жаратып жатабыз. Ошону менен биз Кыргызстандын тарыхынын жаңы барагын ачабыз. Биз байыркы кыргыз тарыхына, биздин элдин менталитетине таянуу аркылуу бул кадамды жасап жатабыз. Мамлекеттик бул форма биздин өлкөгө океандын ары жагынан, башка континенттен келе калган жок. Жакынкы келечекте Кыргызстандын эли бүткүл дүйнөгө өзүн эркиндикти сүйгөн, демократиялуу улуттук руху бар эл экендигин далилдей алат деп мен терең ишенемин”,-деди президент айым өз кайрылуусунда.

Мындан сырткары Р.Отунбаева мурдагы эки башкаруу системасы элдин байлыгын уурдап, коорупцияны өркүндөтүп, экономикалык өнүгүүнү токтотуп, соңку жылдары жакырчылык менен миграциянын агымын күчөткөнүн белгиледи. (КЕ)