Президент шайлоо алдында элге кайрылуу жасады

Мамлекет башчысы Роза Отунбаева кайрылуусунда 10-октябрда өтө турган шайлоо - тагдыр чечүүчү мааниге ээ экенин белгилеген. Президент Кыргызстанда парламенттик шайлоо аркылуу мамлекеттик башкаруунун жаңы системасы катары парламенттик республика жаралып жаткандыгын, бул өлкө тарыхындагы жаңы барак болорун белгилеген. Президент айым Кыргызстан тандаган парламенттик башкаруу системасы баарына эле жага бербегенин, бирок бул тандаган жол менен кетүүгө тоскоол боло албасын, кыргыздар өзүнүн улут катары жетишкендигин башкаларга иш жүзүндө көрсөтүүгө мезгил келип жеткендигин айтат. Президенттин кайрылуусунда парламенттик шайлоо мындан жарым жыл мурда белгиленген мөөнөтүнөн жылбай өткөрүлүп жаткандыгы, шайлоо өнөктүгү учурунда административдик күч колдонууга мүмкүнчүлүк берилбегендиги, добуш берүү күнү да административдик күч колдонууга уруксат берилбеси айтылган. Мамлекет башчынын кайрылуусу сыналгы, үналгы жана башка маалымат каражаттары аркылуу элге таратылмакчы. (ZKo)