КТРК жетекчисин тандоо боюнча сынак уланууда

Коомдук телерадиоканалдын жетекчисин тандоо боюнча сынактын бүгүн башталган экинчи айлампасы уланууда. Сынакка жалпысынан жыйырма талапкер катышууда. 1-октябрдагы сынактын биринчи айлампасында эки киши өтпөй калган. Сынак ушул айлампа менен аяктайт. Байкоочулар кеңешинин төрайымы Элвира Сариева бул сынактан тандалган жаңы жетекчинин ысымы 20-октябрга чейин белгилүү болоорун "Азаттыкка" билдирди. Сынактын бул бөлүгүндө талапкерлер план-программасын тааныштырууда.

Мурдагы Улуттук телерадио корпорациясы ушул жылдын сентябрь айында өлкө президентинин жардыгы менен коомдук телеканалга айланып, КТРКнын байкоочулар кеңеши түзүлгөн.